Окуучулар жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди 2-июндан 17-июнга чейин тапшырарын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
9-класстар тапшырчу күндөр:
2-июнь — алгебра (тест);
6-июнь — эне тили (баяндама жазуу);
11-июнь — кыргыз же орус тили (тест);
16-июнь — Кыргызстандын тарыхы (оозеки).
11-класстар тапшырчу күндөр:
2-июнь — эне тили жана адабияты (эссе);
6-июнь — алгебра (тест);
11-июнь — Кыргызстандын тарыхы (оозеки);
16-июнь — кыргыз же орус тили (тест).
Министрлик 15-24-май күндөрү дене тарбия сабагынан сынак тапшырыларын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн