Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ооганстанда катуу жер титирөөдөн эки миңден ашык адам каза болду

09.10.2023 09:15
1539
Ооганстанда катуу жер титирөөдөн эки миңден ашык адам каза болду


Ооганстандын батышындагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны жекшембиге карата 2000ге жеткенин өлкөдөгү бийликти көзөмөлдөгөн Талибан кыймылынын жогорку даражалуу расмий өкүлү билдирди.


Анын айтымында, бул маалыматтар акыркы эмес. Жабыркагандардын саны он миңге жакындап баратат.


Катарда жүргөн талибдердин өкүлү Сухайл Шахин Аль-Жазирага билдиргендей, алардын көбү дайынсыз жоголгон. Табигый кырсыктан жапа чеккен аймактарда чатырлардын, медициналык буюмдардын жана тамак-аштын жетишсиздиги курч болууда. Ал жергиликтүү ишкерлерге жана бейөкмөт уюмдарга кайрылып, жабыркагандарга жардам берүүнү өтүндү.


Буга чейин Маалымат жана Маданият министрлигинин Талибан өкмөтүндөгү өкүлү Абдул Вахид Раян Associated Press агенттигине катуу жер титирөөдөн 2 миңден ашуун адам каза болгонун билдирген.


Анын айтымында, алтыга жакын айыл талкаланып, жүздөгөн тургундар урандылардын астында калып, аман калгандар чукул жардамга муктаж.


АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө Герат шаарынан 40 чакырым түндүк-батышты карай ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 чамасында болгон.


Өлкөдө үч жолу катуу жер титирөө болгон - күчү 6,3, 5,9 жана 5,5 баллга жеткен, ошондой эле алсызыраак жер титирөөлөр болгон.


Күчтүү жер титирөө коңшулаш Бадгис жана Фарах провинцияларында да сезилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн