Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Опузалап пара алууга шектелип Кара-Суу районунун сот аткаруучусу кармалды

12.01.2024 14:22
616
Опузалап пара алууга шектелип Кара-Суу районунун сот аткаруучусу кармалды


Опузалап пара алууга шектелип Кара-Суу районунун сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 2023-жылдын 23-декабрынан тартып “С.” аттуу, Кара-Суу районунун сот аткаруучусу Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү үчүн чектөөнү алып берем деп опузалап, пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде, аталган факты боюнча Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 11-январь күнү   жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу сот департаментинин, Ош облусунун Кара-Суу райондук САКБнүн сот аткаруучусу, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси 1980-жылы туулган С.С. аттуу  жаран 20 000 ( жыйырма миң) сом атайын белги коюлган  акча каражатын алып жаткан  жеринен кылмышка шектүү катары кармалган.

Азыркы учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн