Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын шаарындагы курулуш иштери жүрүп жаткан бир катар объектилерге барды.
Ведомстводон билдиришкендей, курулуш министри иш сапарынын алкагында “Ала-Тоо” стадионунун, «Тянь-Шань City» турак жайынын, Нарын шаарындагы лицей-интернатынын, В.Чкалов атындагы 500 орундуу мектебинин, облустук жана шаардык прокуратуранын учурда жүрүп жаткан курулуш жана реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.
Нурдан Орунтаев аталган объектилердеги тиешелүү кызматкерлерге жумушту берилген мөөнөтүнөн кечиктирбей, сапаттуу бүткөрүп берүү талабын коюп, ар бир курулуш иши жеке көзөмөлүндө экендигин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн