Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош - Бишкек жолунда маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

18.03.2024 10:26
151
Ош - Бишкек жолунда маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат


Бүгүн, 18-мартта Бишкек – Ош унаа жолунун Чүй облусунун аймагындагы тилкесинде кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иши жүргүзүлөт.

ӨКМдин билдиришкендей, кар көчкү Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрликтеринин кызматкерлери тарабынан түшүрүлмөкчү.

Буга байланыштуу Бишкек - Ош унаа жолунда маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.

ӨКМ мындан улам жарандарды абалды туура түшүнүү менен кабыл алууну жана сак болууга чакырат.

“Унаа жолдогу абалды билүү үчүн жана кырсык катталганда "112" номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн