Бугу 14, 2025
Убакыт: 14:47
USD
87.30
87.80
EUR
97.70
98.70
RUB
1.076
1.110

Ош мэриясына жаңы кызматтык унаалар берилди

14.05.2025 09:50
22
Ош мэриясына жаңы кызматтык унаалар берилди


Күн мурун Ош шаарынын мэринин орун басарларына жаңы кызматтык унаалар тапшырылды.


Муниципалитеттен билдиришкендей, демөөрчүлөр тарабынан алынган унаалардын ачкычын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырды.


Белгилей кетсек, Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү алты жаңы кызматтык унаалар мэрдин төрт орун басарына, аппарат жетекчисине жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын башчысына берилди.


Ал эми мэриянын карамагында буга чейин колдонууда турган унаалар Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмү, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, маалыматтык камсыздоо бөлүмү, "Ош ТВ" телеканалы, "Ош шаардык жолдор"муниципалдык ишканасы, "Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросу" муниципалдык ишканасы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы ортосунда бөлүштүрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн