Баш оона 23, 2025
Убакыт: 03:24
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Ошто чет элдик валютаны мыйзамсыз алмаштырган 6 жаранга айып салынды

17.10.2024 10:30
675
Ошто  чет элдик валютаны мыйзамсыз алмаштырган 6 жаранга айып салынды


Ош облусунда чет элдик валютаны мыйзамсыз алмаштырган 6 жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, Улуттук банкынан лицензия албастан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын жана "Кара-Суу" өткөрүү пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын И.у.А., М.Ы.О., Б.А.Т., Р.Б.А., А.С.И., М.Ф.З. аттуу 6 жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн