Баш оона 23, 2025
Убакыт: 00:51
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Ошто 47 жаранга мыйзамсыз жөлөк пул берүү фактысы аныкталды

22.01.2025 16:37
674
Ошто 47 жаранга мыйзамсыз жөлөк пул берүү фактысы аныкталды


Ошто муктаж эмес жарандарга жөлөкпул чегерилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан баштап 2024-жылдын май айына чейинки мезгил ичинде иш жүзүндө муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендиги аныкталган. Натыйжада, жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн