Аяк оона 10, 2025
Убакыт: 16:22
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.030
1.065

Ошто Барсбектин эстелиги көчүрүлүп, ордуна эки деңгээлдүү көпүрө курулууда

10.09.2025 12:53
19
Ошто Барсбектин эстелиги көчүрүлүп, ордуна эки деңгээлдүү көпүрө курулууда


Ош шаарында Осмонов көчөсүнүн үстүнөн өтүп, Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.


Шаар бийлиги тараткан маалыматта Осмонов көчөсүн Барсбек кагандын эстелиги жайгашкан айлампадан тарта Касымбеков көчөсүнө чейин кеңейтүү каралганы белгиленген. Эки тилкелүү трасса алты тилкеге чейин кеңеет.


Ал эми айлампадагы Барсбектин эстелигин Касымбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине которуу маселеси каралууда. Мэр Жеңишбек Токторбаев аталган кесилиштеги май куюучу жай алынып, ордуна Барсбек атындагы сквер курулуп, эстелик ошол жерге коюла турганын билдирди. 


Андан тышкары, Раззаков көчөсү көмүр саткан базалардан тазалана турганы айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн