Бишкек шаарынын "Биримдик-Кут" конушунда социалдык инфраструктура объекттерин курула турган жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Биримдик-Кут” конушунун 2012-жылы бекитилген башкы планына ылайык, 3,5 гектар жер тилкеси социалдык объектилерди: мектеп, спорт комплекси, өрт өчүрүүчү станция, трансформатордук станция, муниципалдык базар жана башка инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн гана бөлүнгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө муниципалдык кызматтын жооптуу адамдары профилдик мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана аффилирленген жарандар менен алдын ала сүйлөшүп алып, жерлердин бир бөлүгүн жеке менчикке берип салганы аныкталган.
- спорт комплексине арналган аянты 0,35 гектар жер тилкеси;
- базар куруу үчүн каралган аянты 0,42 гектар;
- трансформатордук станция жана өрт депосу үчүн каралган аянты 0,18 гектар жер.
Коррупцияга аралашкан кызмат адамдары жер тилкелерди коммерциялык максаттарда пайдаланууну пландаган.
4-сентябрда жүргүзүлгөн тинтүүдө жогорудагы жер тилкелеринин берилгенин тастыктаган документтер алынган. Тиешеси бар адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тараптар жер тилкелерине ээлик кылуунун мыйзамсыз экендигин моюнга алып, аларды өз ыктыяры менен муниципалдык менчикке кайтарган.
УКМК социалдык багыттагы жерлерге мыйзамсыз ээлик кылуунун ушул сыяктуу фактыларын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын эскертип, мындай жер тилкелери бар жарандарды өз ыктыяры менен мамлекеттик (муниципалдык) менчикке кайтарып берүү сунуштады
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн