Аламүдүн районунда жол кырсыгынан кийин кыймылды көзөмөлдөп жаткан инспекторду машина коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, ал ооруканага жаткырылган.
"Окуя кечээ Достук айылында болду. Трактор электр мамысын сүзүп, ал жерге жол милициясы барган. Кызматкерлердин бири жол кыймылын тескеп жаткан маалда аны КИА-7 унаасы сүзүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочу кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн