Бугу 02, 2025
Убакыт: 06:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Ошто интернаттын жатаканасын курууга 308 миллионго тендер жарыяланды

28.08.2023 14:07
596
Ошто интернаттын жатаканасын курууга 308 миллионго тендер жарыяланды


Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатка 500 орундуу жатакана курууга конкурс жарыяланды.


Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы Мамлекеттик сатып алуулар порталына заказчы катары жайгаштырган. Аталган курулушка 308 миллион сом сунушталган.


Конкурска катышууну каалган компаниялар 2-сентябрга чейин табыштама жөнөтүшү шарт. Утуп чыккан ишканага бир жылдын аралыгында куруп бүткөрүү талабы коюлат. Алар фундаментинен баштап ачкычын бергенге чейинки иштерди аткарууга жана тегерек-четин жашылдандырууга милдеттендирилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн