Баш оона 24, 2025
Убакыт: 14:27
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Ошто каналга чөгүп кеткен эки жаш баланын бирөөсүнүн сөөгү табылды

21.08.2020 09:54
990
Ошто каналга чөгүп кеткен эки жаш баланын бирөөсүнүн сөөгү табылды


Ош шаарындагы Араван каналына 9 жана 8 жаштагы балдар каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 20-август күнү Ош шаарынын Туран кичи районунда Күренкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Араван каналына 2 жаш бала (2011-2012-жылдары туулган) чөгүп кеткен.


Бүгүн, 21-августта издөө иш-чараларын улантуу максатында ӨКМден жалпы 22 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 07:30 чамасында 2011-жылы төрөлгөн М.М. аттуу жаш баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.


Учурда издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн