Баш оона 23, 2025
Убакыт: 10:14
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Ошто мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды

20.05.2024 11:37
541
Ошто мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды


Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы мыйзамсыз майнинг-фермалардын (криптовалюта өндүрүү) ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жалпы майнинг-фермаларда колдонулган 900дөн ашык жабдуу алынган.


"Аталган майнинг-фермалардын ээлери "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамды бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган", — деп айтылат маалыматта.


Учурда тиешелүүлөрдү, ошондой эле келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн