Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:53
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ошто жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болду

02.06.2023 11:58
661
Ошто жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болду


1-июндан 2-июнга караган түнү Ош шаарынын Озгур айылында жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу "Хонда-Фит" үлгүсүндөгү унааны башкара албай, жол боюндагы каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон.

Алар:

- 2006-жылы туулган Т.Б., Озгур айылынын тургуну, Кара-Суу районунун "Ак-Буура" мектебинин бүтүруучүсү. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, рулда болгон;
- 2008-жылы туулган Т.К., Озгур айылынын тургуну, Ош шаарынын С.Алымкулов атындагы орто мектебинин 9-класынын окуучусу ;
- 2008-жылы туулган К.Н., мектеп окуучусу. Ноокат районунун тургуну. Ал каза болгон Т.К.нын (айдоочу) үйүнө конокко келген.

Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, айдоочу Т.Б. атасына таандык болгон унааны үйдөн уруксатыз айдап чыккан.

Учурда бул факты боюнча тиешелуу текшеруу иштери башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн