Бишкектеги атмосфералык абанын булгануусу белгиленген чектен 2,33 эсеге чейин ашты. Бул тууралуу Кыргызгидромет Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.
Ага ылайык, 17-октябрдан 23-октябрга чейин Бишкек шаарынын атмосфералык абасындагы негизги булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациялары чектүү деңгээлдеги концентрациядан 2,33 эсеге чейин ашкан.
World Air Quality уюмунун сайтындагы бүгүн, 24-октябрга карата жарыяланган маалыматты карасак, Бишкек шаары дүйнө жүзүндөгү 127 ири шаардын ичинен 33-орунду ээледи. Анда абанын сапаты тууралуу индексте борбор калаанын абасынын булганышы 69 көрсөткүчүн көрсөттү. Сайттагы маалыматта Бишкектин абасынын булганышы орточо деп бааланууда.
Дүйнөдөгү абасы эң кир делген алдыңкы үчтүккө Лахор, Дели, Калькутта шаарлары кирди. Индекс абанын сапатына жараша саат сайын жаңыланып турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн