Бештин айы 10, 2024
Убакыт: 10:48
USD
86.65
87.15
EUR
91.10
92.10
RUB
0.855
0.900

Пакистанда ысыктын айынан 600дөй киши каза тапты

28.06.2024 13:25
4822
Пакистанда ысыктын айынан 600дөй киши каза тапты


Пакистанда ысык аптаптын айынан 600дөй адам каза таап, ооруканалар менен өлүкканалар толуп калды.

Би-би-си кабарлагандай, миңдеген адам ооруканага кайрылууга аргасыз болду. Көз жумгандардын көбү Пакистандын Карачи шаарынын жайшоочулары.

Шаарда абанын температурасы 40 градустан ашканы, бирок болжол менен температура 49-50 градуска чейин жеткендиги айтылууда.

Тез жардам унаалары ысык урган ондогон кишилерди өлүкканаларга ташыгандыгын Эдхи фондусунун башчысы Фейсал Эдхи билдирген.

“Күнүгө Карачидеги өлүкканага 30-40 сөөк келип жатат. Акыркы алты күндүн ичинде алардын саны 568ден ашты, анын 141и шейшемби күнү эле чогултулган. Көбүнчөсү жакыр райондордун тургундары болчу”, - деди ал.

Карачидеги Жарандык оорукананын тез жардам бөлүмүнүн башчысы Имран Сарвар Шейх Associated Press агенттигине маалымдагандай, 4 күндүн ичинде 267 адам ысык өтүп кеткендиктен медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Кийинчерээк алардын 12си каза тапкан.

Пакистандагы мээ кайнаткан ысыкка байланыштуу жардам берүүчү атайын борборлор уюштурулду.

Метеорологдор ысык аба ырайы дагы бир жума сакталарын, андан соң температура бир аз төмөндөй тургандыгын айтышууда.

Пакистандагы ысык аптап быйыл биринчи жолу катталып жаткан жок. Өткөн айда да Карачиде температура рекорддук көрсөткүчкө жетип, 52,2 градусту көрсөткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн