Бугу 13, 2025
Убакыт: 13:20
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.055
1.100

Парижде кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

13.05.2025 09:03
26
Парижде кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды


Париж шаарында Кыргызстандын элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, “Франция – Борбор Азия” достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё менен жолукту.


Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, өзгөчө көңүлдү парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө бурду.


Элчи саясий диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, быйыл жогорку деңгээлдеги сапарлар ишке ашарына үмүтүн билдирди.


Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегине да токтолуп, энергетика тармагындагы EDF, TotalEnergies жана Voltalia сыяктуу француз компаниялары менен кызматташууну, ошондой эле фармацевтика жана авиация тармактарында өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.


Гуманитардык диалогдун алкагында элчи эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана билим берүү тармагындагы алмашууларды мындан ары тереңдетүүнүн маанисин баса белгилеп, академиялык жана маданий программаларды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгында алар ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыгуусун ырастап, Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы диалогду бардык деңгээлде мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн