Бугу 14, 2025
Убакыт: 21:32
USD
87.30
87.80
EUR
97.70
98.70
RUB
1.076
1.110

Парламент эки жаңы министрликтин жетекчилигине талапкерлерди жактырды

14.05.2025 15:54
24
Парламент эки жаңы министрликтин жетекчилигине талапкерлерди жактырды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына жана Догдуркүл Кендирбаеваны агартуу министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты.


Президент Садыр Жапаров сунуштаган талапкерлер менен Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. 


Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына, ал эми Догдуркүл Кендирбаеваны агартуу министри кызматына дайындоого макулдук берди. 


Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн