Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Посттон текшербей 200 сом алып өткөрүүдө деп жалган маалымат тараткан адам кармалды

27.03.2020 09:57
1176
Посттон текшербей 200 сом алып өткөрүүдө деп жалган маалымат тараткан адам кармалды


Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербей, 200 сом алып өткөрүүдө деген маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, шектүү катары Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Ж.Э.И. кармалган.


Ошондой эле, ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 56 жаштагы Баткен облусунун Кызыл-бел айылынын тургуну М.Г. кармалган.


Ал Баткен областындагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан.


Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүлүдө.


Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын укук коргоо кызматкерлери эскертет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн