Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент Бишкектеги мечиттердин бирине барып, чогулган элге ооз ачар өткөрдү

16.03.2024 10:01
135
Президент Бишкектеги мечиттердин бирине барып, чогулган элге ооз ачар өткөрдү


Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, президент ошондой эле, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады.

Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды.

Ошондой эле өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда орозо кармагандардын дуба-тилектеринин кабыл болушун, өлкөгө өнүгүү, калкка бакубатчылык каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн