Аяк оона 10, 2025
Убакыт: 13:46
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.035
1.065

Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүүгө канча каражат кетери айтылды

10.09.2025 10:57
18
Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүүгө канча каражат кетери айтылды


Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүүгө болжол менен 15 миллион сом кетет. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.


Каражатты демилгечи катары Жалал-Абад шаардык мэриясы бөлүп, “Жалал-Абад” флагштогу менен мөөрлөрдү алмаштырууга, шаардагы белгилерди, аталыштарды, почта дарегин өзгөртүүгө, шаардык кызматтардын жана уюмдардын кызмат орундарын каттоого жумшалат. Шаар бийлигине бул ишти бүтүрүү үчүн алты ай убакыт берилет (мыйзам кабыл алынгандан кийин).


Кечээ Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети шаардын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Документ шашылыш каралып, ушул аптада парламенттин жыйынында чечилиши мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн