Теке 05, 2025
Убакыт: 16:51
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Президент Москвадагы сапары шайлоо менен байланыштуу деген пикирлерди четке какты

05.07.2025 12:32
28
Президент Москвадагы сапары шайлоо менен байланыштуу деген пикирлерди четке какты


Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде Москвадагы сапары шайлоо менен байланыштуу деген пикирлерди четке какты. Мындан сырткары мамлекет башчысы орус тили, сөз эркиндиги жана өлкөдөгү кадр саясатына да токтолду.


 Жакында Москва шаарына болгон иш сапарыңыз ар түрдүү пикирлерге себеп болду. Айрым маалымат булактары бул сапарды алдыдагы шайлоону макулдашуу максатында болгон деген божомолдорду айтышууда. Россия жетекчилиги менен алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча сөз болдубу?


 Москвага жумушчу сапарым менен гана барып келдим. Эки тараптуу экономикалык кызматташтык, соода-сатык, биздин мигранттардын маселелери жана башка иштер боюнча сөздөр болду.


Шайлоолор бул биздин ички саясий иштерибиз. Качан жана кандай өткөрөбүз аны биз эч ким менен кеңешпейбиз.


 Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин орус тилине байланыштуу ыраазычылыгын билдирди. Расмий тил макамын өзгөртүү керек деген пикирди карманган саясатчыларыбыз да жок эмес. Кыргызстанда орус тилинин азыркы макамы жана келечеги боюнча көз карашыңызды бөлүшө кетсеңиз?


 Орус тили бизде расмий тил деп баш мыйзамыбызда белгиленген. Орус тилин биз колдоп келе жатканыбыз үчүн Владимир Владимирович ыраазычылыгын айтты. Негизи орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз. Биринчиден, орус тили дүйнөлүк алты тилдердин бири. Экинчиден, орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албасыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мисалы КМШ өлкөлөрүн айтпай эле коеюн, кошуна эле мамлекеттерди алалы. Өзбекстан менен Тажикстанга барсаң орус тилсиз сүйлөшө албайсың. Ошол эле Европа, Америка, Кытай өлкөлөрүнө барсаң орус котормочуларды колдонушат. Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес. Албетте биринчи кезекте өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бирок орус, англис тилин да билишибиз керек. Дүйнөнүн тең жарымы ушул эки тилди колдонушат. Азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбыз 3-4 тилде сүйлөп жатышпайбы. Көп тилдерди билген жакшы да. Дүйнөнүн кайсы бурчуна барба эркин жүрөсүң.


 “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору учурда сиздин карооңузга келгени маалым. Журналисттер арасында бул мыйзам Жогорку Кеңеште сөз эркиндигине чектөө коюшу мүмкүн деген нормалар менен толукталып калды деп тынчсызданууларын айтышууда?


 Ал мыйзам менен тааныша элекмин. Таанышкандан кийин же кол коем же каршы пикир менен артка кайтарам.


 Жакында журналист Канышай Мамыркулова пробация тартибинде эркиндикке чыкты. Бул иш боюнча коомчулукта да ар кандай көз караштар айтылып жатат. Өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендер да бар.


 Биздин өлкөдө эч качан сөз эркиндигине кысым болбойт. Буга кыргыз эли да жол бербейт. Себеби кыргыз эли эркин жүргөн эл. Ал эми Канышайдыкы болсо ал сөз эркиндиги эмес. Мейли бизди кандай сындаса ошондой сындай берсин, биз сынын көтөрөбүз. Аныкынан чоң сындарга деле көңүл бурбай иштеп келе жатабыз. Бирок Тажикстан менен чек ара маселеси жакшы чечилип бүтүп жатканда эки өлкөнүн ортосуна от жакканы бул сөз эркиндигине жатпайт. Бул жоопкерчиликсиз нерсе. Кудай анын бетин ары кылсын эгер кайрадан согуш чыгып кете турган болсо Канышай барып согушпайт эле. Ал тили менен сайрап эки мамлекетти кагыштырып коюп Бишкекте олтура берет. Жөнөкөй жаш балдар окко учат. Ушуну ар бир жаран мейли журналистсиңби же жөнөкөй жарансыңбы эстен чыгарбаш керек. Сөз эркиндиги десе эле жалган маалыматтарды таратып элдин башын айлантканды токтотуш керек.


 Соцтармакта катуу талкуу жараткан дагы бир тема Балыкчы шаарынын жаңы дайындалган мэри Султан Керималиевдин маеги болууда. Көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын, ашыкча мактанчаактыгын белгилешип, бийлик кадрларды кантип тандайт деген суроону коюшууда. Балыкчынын мэри мисалы кантип келип калды?


 Бул жигит Балыкчынын көл жээгин жасаган жигит. Чолпон-Атада дагы жакшы иштерди жасап жүрөт. Иш билги жигит экенин көрүп, Чолпон-Атага мэр болуп иштеп бер деп чакырсак мен Балыкчыга мэр болсом жакшы болот эле, Лас-Вегас кылат элем дегенинен макул деп Балыкчынын мэрин Чолпон-Атага жылдырып бул жигитти Балыкчыга мэр кылдык. Мен президент болуп келген 5 жылдын ичинде көп түрлүү адамдарды көрдүм. Бир түрү сөзгө чоркок бирок иштин майын чыгарат. Экинчи түрү тили укмуш сайрайт, бирок колунан эч нерсе келбегендерди да көрдүм. 2020-жылы жаштарды бийликке алып келиш керек деп эл талап койгондо жаштарды да министр кылып көрдүм. Беш ай иштей албай кызматтан кеткендер болду. Бизде жакшы кадрлар жетишпейт. Себеби 30 жыл кадр өстүргөн эмеспиз да. Мурда тааныш билиштик кылып эле кызматка ала беришчү. Албетте бул биздин трагедиябыз болгон.


Азыр эми келечекке кадрларды даярдаш үчүн мектептен баштадык. Чолпон-Атада эки жылдан бери “Акылман” мектеби иштеп жатат. Жакында түштүккө дагы бир “Акылман” мектебин ачабыз. Чолпон-Атага келбестен түштүк жактагы балдарыбыз ошол жакта эле окушса болот. Ал мектепти бүтүргөндөр 100 пайыз мамлекеттик кызматтар менен камсыз болушат. Бирөө да көчөдө калбайт. Муну мыйзам менен бекитип койдук. Бул эми келечектин иши.


Албетте мэр болгондон кийин мамлекеттик кызматтын этикасын сакташ керек болчу. Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да. Айбан эмес. Эң негизгиси өзү башка мэрлердей болуп ууру болбош керек. Таза иштеп бериш керек. Балыкчыны өзү айткандай Лас-Вегас кылышы керек. Мамлекетке, элге анын тили эмес, жасаган иши пайда болот. Убакыт берели этикасы оңолбосо анан көрөбүз.


Маектешкен: Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев


Булак: Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн