Аяк оона 04, 2025
Убакыт: 11:54
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.075
1.100

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары аяктады

04.09.2025 09:17
17
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары аяктады


Президент Садыр Жапаровдун 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары аяктады.


Сапардын биринчи күнү президент Садыр Жапаров Тяньцзинь шаарында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп жактуу күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алмашты.


Тараптар өз ара ишенимге жана сый-урматка негизделген стратегиялык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.


Ошондой эле саммиттин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу болду. Лидерлер ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө өз ара даярдыктарын билдиришти.


Андан ары Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен эки тараптуу жана көп жактуу кызматташуу маселелерин талкуулады.


Андан соң президент Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөдү.


Мамлекет башчысы Кыргызстан уюмду түзүүнүн башында турган өлкө катары ШКУдагы төрагалыгын анын өнүгүүсүнө жана глобалдык ролун бекемдөөгө, ошондой эле достукту жана ынак коңшулаштыкты мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү катары караарын баса белгиледи. Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстандын 2025-2026-жылдардагы ШКУга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.


Жыйындын соңунда мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюп, кабыл алышты.

Муну менен катар Садыр Жапаров ШКУ+ форматындагы саммитке катышты, ага Шанхай кызматташтык уюмуна байкоочу мамлекеттердин башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери да катышты.


Мындан тышкары, бул күнү Садыр Жапаровдун Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тин менен жолугушуусу өттү. Алар өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай тармактарда кызматташууну арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.


Иш сапардын алкагында андан кийин мамлекет башчысы тез жүрүүчү поезд менен Пекин шаарына келди.


Ардактуу конок катары ал Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты.


Парадга ошондой эле чет өлкөлөрдүн 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышты.


Ошондой эле Садыр Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Цай Ци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий диалогду тереңдетүү, гуманитардык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.


3-сентябрда президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн