Бугу 10, 2024
Убакыт: 05:35
USD
EUR
RUB

Президенттин сынынан кийин "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

23.06.2023 11:23
367
Президенттин сынынан кийин "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү


Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө толугу менен каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каражат министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүнгөн. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу каралган. 

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда Саламаттык сактоо министрлигин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. Буга "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен каражат бөлүнбөгөндүгү себеп болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн