“Скай Мобайлдын” санариптик продуктуларды өнүктүрүү боюнча башкы адиси Чыңгыз Монокбаев Ютубдагы “Bilesinbi.kg” каналына маек берип, программист болуунун жолдору тууралуу айтып берди.
Чыңгыз Монокбаевдин айтымында, ал Бишкектеги курстардын биринде 2 айлык гана билим алып, андан ары өзү өздөштүрүп кеткен. 3-4 жылдан бери ушул багытта ишин ийгиликтүү улантып жаткан учуру.
“Мыкты программист болуш үчүн эң жакшы, сапаттуу курстарга барыш керек жана адамдын өзүндө математика жана логикалык ой жүргүртүүсү күчтүү болушу зарыл”, - дейт Чыңгыз.
Ал кошумчалагандай, жакшы курстардын баасы айына 10 миң сомго чейин айланат жана эң узак мөөнөттүүсү 9 айга чейин.
“Мен Кыргызстанда көп IT программист болуп, баарыбыз биригип IT өлкөгө айландырсак деп сунуш кылат элем жана бул менин чоң кыялым. Буга көзүмдүн салымымды кошом деп ойлойм”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн