Кулжа 16, 2025
Убакыт: 06:33
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүштү

20.05.2025 12:14
655
Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүштү


Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү.


РИА Новости маалымдагандай, Путин менен Трамптын маеги эки сааттан ашык убакытка созулган. Россиянын президенти Москва Украина менен меморандумдун үстүндө, анын ичинде ок атууну токтотуу боюнча иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин белгилеген. 


Путиндин билдирүүсүнүн урунттуу учурлары:


- ал сүйлөшүү мазмундуу, ачык жана пайдалуу болгонун билдирди;


- Америкалык кесиптешине Россия менен Украинанын түз сүйлөшүүсүн жандандырууга катышып жатканына ыраазычылыгын айтты;


- Москва согуштук аракеттерди токтотууну каалайт жана тынчтыкка карай эффективдүү жолдорду аныктоо зарыл экендигине токтолду;


- Россия Украина менен меморандумдун үстүндө, анын ичинде ок атууну токтотуу боюнча иштерди жүргүзүүгө даяр:


"Россия Украина тарапка бир катар позицияларды, мисалы, жөнгө салуу принциптерин, тынчтык келишимин түзүүнүн мүмкүн болгон мөөнөттөрүн, ошондой эле тийиштүү макулдашууларга жетишилсе, белгилүү бир мөөнөткө ок атышууну токтотууну камтыган келечекте мүмкүн боло турган тынчтык келишими боюнча меморандумду сунуштайт жана иштөөгө даяр", - деди Путин.


- эң башкысы — кризистин алгачкы себептерин жоюу керек;


- Москва менен Киев тынчтыкка максималдуу умтулуп, бардык тараптарга ылайыктуу компромисстерди табууга тийиш:


“Стамбулдагы жолугушуунун катышуучуларынын ортосундагы байланыштар жана сүйлөшүүлөр кайрадан жанданды жана бул биз жалпысынан туура жолдо баратабыз деп айтууга негиз берет”, - деп кошумчалады орус лидери.


Ал эми сүйлөшүү боюнча Трамптын негизги билдирүүлөрү:


- Россиянын президенти менен болгон сүйлөшүү абдан жакшы өттү;


- Трамп Владимир Зеленскийге жана НАТО боюнча өнөктөштөргө сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бергенин айтты;


- Украинадагы ок атышпоонун шарттарын жаңжалга катышкан эки тарап гана талкуулай алат;


- Ватикан Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүн кабыл алууга даяр экендигин билдирди;


- Путин менен сүйлөшүү жакшы өттү, Россия конфликт аяктагандан кийин АКШ менен ири соода жүргүзүүгө кызыкдар.


Стамбулдагы сүйлөшүүлөр


11-майга караган түнү Путин Украинага түз сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуштады. Талкуунун жүрүшүндө ал тараптар ок атышууну токтотуу боюнча бир пикирге келе аларын четке каккан жок.


Жолугушуу өткөн жума күнү Стамбулда болуп, дээрлик эки саатка созулду. Орус делегациясын жетектеген президенттин жардамчысы Владимир Мединский Украина менен туткундарды ири өлчөмдө – 1000ден 1000ге алмаштырууну айтты. 

Мындан тышкары, Москва менен Киев ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча өз көз карашын көрсөтүүнү макулдашты.


Украина сүйлөшүү учурунда мамлекет башчыларынын жолугушуусун өтүнүп, Москва өз кезегинде муну эске алган. Мединский ошондой эле Россиянын диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн