Бугу 11, 2025
Убакыт: 02:21
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.030
1.085

Рысбек Кадыров Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болду

18.08.2020 12:07
1301
Рысбек Кадыров Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болду


Кадыров Рысбек Зарлыкович Нарын облусунун Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, шайлоо 17-августта өттү. Он-Арча айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапакер - Кадыров Рысбек Зарлыкович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн.


Шайлоого Он-Арча айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9 депутаты катышты. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын чыгарган жыйынтыгы боюнча Р.Кадыров 9 добушка ээ болгон. Муну менен ал Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн