Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Россия Кыргызстанда газ баасын төмөндөтүүнү карап чыгууга убада берди

11.05.2020 12:06
1318
Россия Кыргызстанда газ баасын төмөндөтүүнү карап чыгууга убада берди


Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин бүгүн, 11-майда Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн жолугушуусу учурунда козголгон маанилүү маселелердин бири жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү болду.

«Бул биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирус инфекциясынын жайылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, улуттук валютанын баасынын төмөн түшүшү калктын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн кыскарышына алып келди. Ошондуктан кыргыз тарап жаратылыш газынын баасы маселесин кайра карап чыгууну өтүнөт. Албетте, бул суроону бир заматта чечип коюуга болбойт, бирок биз оңдуу жооп алабыз деп ишенебиз. Ошондой эле антикризистик чаралардын экинчи пакетинин алкагында бизнести каржылоодо Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун бош каражаттарын пайдалануу мүмкүндүгүн карап чыгуу сунушталууда», - деди вице-премьер-министр. 

Өз кезегинде Россия тарап Кыргызстандын сунушун карап чыгууга убада берди.

Жолугушууда бир катар маселелер, анын ичинде Россия Федерациясынын Кыргызстандын бажы органдарына техникалык жардам көрсөтүүсү, товарларды маркировкалоонун жүрүшү жана салык чогултуу боюнча маселелер каралды. 

Тараптар жарыяланган Кайчылаш жылдын алкагындагы иш-чаралардын планын аткарууну жандандыруунун зарылдыгы тууралуу бир пикирге келишти. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн