Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:02
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Россия Кыргызстанда мектептерде ысык тамак берүүгө 15 млн доллар бөлдү

08.02.2024 22:02
249
Россия Кыргызстанда мектептерде ысык тамак берүүгө 15 млн доллар бөлдү


Россия өкмөтү жана Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандын мектептерде ысык тамак берүү программасын колдойт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай менен биргеликте РФ өкмөтүнүн каржылоосу менен ысык тамак уюштурулган Чүй облусунун Кант шаарындагы №3 Ивановка башталгыч мектебине жана Д.П.Зубков атындагы №1 гимназия мектебине барышты.

2023-2026-жылдары 300гө жакын мектепке ысык тамак берүүнү колдоо программасына Россия тарап кошумча 15 млн доллар берди.

Бул демилгенин алкагында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы заманбап ашкана жабдуулары жана байытылган буудай уну менен камсыздап, инженердик баалоо жүргүзүп, мектеп жетекчилигин, мектеп ашпозчуларын окутуп, ата-энелер үчүн сергек жашоого жана туура тамактануу боюнча тренингдерди өткөрөт.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө мектептерге көркөм жана окуу адабияттарын беришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн