Россия Баткенге 10 миллион доллар бөлгөн. Бул тууралуу президентинин чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов билдирди.
Анын айтымында, бөлүнгөн каражат чек арада жабыркаган Баткен облусун кайра калыбына келтирүүгө багытталган.
«Баткенде кырсык болуп, жаңжал учурунда жабыркаган социалдык инфраструктураны калыбына келтирүүгө 10 миллион доллар бөлүнгөн», - деди Маслов.
Белгилей кетсек, бүгүн Россия Кыргызстанга гранттык негизде 40 өрт өчүрүүчү техника тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн