Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Россияда 12 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды

04.03.2024 12:23
339
Россияда 12 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды


Ош облусунун аймагында жүзүн таануу камерасы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалган адам Россия Федерациясында ден соолукка атайылап оор залал келтирүү беренеси боюнча 2012-жылдан бери издөөдө жүргөн.

“Шектүү 3-мартта коомдук жайларда жүзүн таануу камераларынын жардамы менен кармалган”, - деп кошумчалашты ведомствонун маалымат кызматынан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн