Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россияда армияга чакыруу курагын 30 жашка чейин көтөрүү сунушталды

22.12.2022 09:25
869
Россияда армияга чакыруу курагын 30 жашка чейин көтөрүү сунушталды



Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу армияда милдеттүү кызмат өтөө курагын 18ден 21 жашка көтөрүүнү сунуш кылды. Мекеменин шаршемби күнкү коллегиясында 30 жашка чейин армияга чакырса болот деген өзгөртүү киргизүү тууралуу айтылды. Мурдагы чек 27 жашка чейин болчу.


Шойгу куралдуу күчтөрдүн санын бир жарым миллионго жеткирүү пландалганын, келишим менен кызмат өтөгөндөр 695 миңди түзөрүн белгиледи. Азыр орус армиясы 1 150 628 аскерден турат. Ошол эле маалда министр кошумча мобилизация же кызмат өтөөнүн мөөнөтүн узартуу маселеси тууралуу айткан жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн