Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россияда кичи автобустагы 14 кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болду

Россияда кичи автобустагы 14 кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болду

Ульяновск областынын Николаевск районундагы Прасковьино жана Новопасское айылдарынын ортосундагы М-5 «Урал» автожолунда болгон жол кырсыгына байланыштуу КРнын Россиядагы элчилиги маалымат таратты.



Алдын ала маалымат боюнча, окуянын кесепетинен 16 адам каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргыз Республикасынын жараны, үчөөнүн жарандыгы такталып жатат, алар медициналык мекемеге жаткырылган.


Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында окуя болгон жерге барышкан.


Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульянов районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү.


Элчилик каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишеним телефонун уюштурду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде да +996 551 312-000 түз байланыш телефону ачылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн