Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:56
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Россияда кыргызстандыктар мигрантты уурдап кетип, андан акча талап кылышкан

22.01.2024 09:40
204
Россияда кыргызстандыктар мигрантты уурдап кетип, андан акча талап кылышкан


Санкт-Петербургдагы Фонтанка дарыясынын жээгинде Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандан келген жигитти уурдап кетишкен. Аны өлтүрөм деп коркутуп, андан 20 миң рубль талап кылышкан деп жазат 78.ru.


Милицияга 19 жаштагы мигрант кайрылган. Анда ал белгисиз үч адам аны таксиге салып, тапанча менен коркутушканын айткан. Ала качкандар жигитти 20 миң рубль акча которууга мажбурлашып, унаадан түшүрүп, изин жашырып кетишкен.


Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип кыргызстандык таксист болуп иштеген жаран кармалды. Кийинчерээк дагы эки адам кармалган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн