Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Россиядагы кыргыз элчилиги: "Коронавируска каршы жана жарандарды кайтаруу боюнча штаб түзүлдү"

22.03.2020 14:20
787
Россиядагы кыргыз элчилиги: "Коронавируска каршы жана жарандарды кайтаруу боюнча штаб түзүлдү"


Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде коронавируска каршы күрөшүү жана алдын алуу, ошондой эле кыргыз жарандарын мекенине кайтуу тууралуу суроо талаптарын кароо боюнча  атайын штаб түзүлдү.


Анын курамына миграция кызматынын, элчиликтин кызматкерлери, жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кирди.  Штабды Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жетектеп жатат. 


Штабдын өкүлдөрүнүн бири Айгүл Рыскулованын жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүсүнө караганда жарандардын кайрылууларын штаб толук өз көзөмөлүнө алган.  


Анын айтуусуна караганда миграциялык көптөгөн маселелер бар.  Алар Россияда жүрүүгө уруксат кагазынын мөөнөтү бүтүп калуу, кыргыз жарандары иштеп жаткан ишканалардын жабылуусу, мекенге кайтуу, учактарга билет сатып алуу сындуу.   Бул маселелер боюнча атайын штаб кеңештерди берип, жарандарды маалымат менен камсыз кылууда.  Ошондой эле болуп жаткан кырдаал боюнча кыргыз өкмөтү менен түз байланышта болуп,  авиакаттамдарды жүргүзгөн компаниялар менен да биргеликте иш алып барууда.


Аликбек Жекшенкуловдун жетекчилиги алдында атайын штаб абалды толук көзөмөлгө алган. Элчини учурда авиакаттамдар боюнча абал тынчсыздандырып жатат. Жекшенкуловдун айтуусуна караганда ар бир каттам, элчиликтин кызматкерлеринин коштоосунда учуп жатат жана ар бир каттам тууралуу атайын штабга кабарланат. Дипломат ошондой эле ар бир жаран элчилик үчүн кымбат экенин айтат. Авиакаттамдар жылып кетип же учпай калып, Россиянын аймагында жүргөн кыргыз жарандары элчиге жана элчиликтин кызматкерлерине алардын аракеттери үчүн ыраазычылык билдиришүүдө.  


Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, Кыргыз өкмөтүнүн жана элчиликтин биргелешкен аракеттеринин аркасы менен 20-мартта транзиттик аймактарда калган жана каттамдар жылып кетип келе албай жаткан кыргыз жарандарын алып келүү боюнча кошумча 5 каттам уюштурушкан.  


Ага чейин транзиттик аймакта калган мекендештерибизге элчилик диаспора менен биргеликте ысык тамак уюштуруп жеткирип турган.  Мындан сырткары диаспора коронавирус илдетинен жабыркап жаткандарга көмөк катары акча каражатын чогулта баштаган. Ал Кыргызстанда илдеттен жабыркаган жарандарга, же муктаж адамдарга медициналык каражаттарды сатып берүүгө иштетилет. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн