Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Россияга каттай турчу поезддерге билет баалары белгилүү болду

31.05.2022 12:57
1071
Россияга каттай турчу поезддерге билет баалары белгилүү болду


Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы унаа каттамы жакын арада жанданат. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, эки өлкө ортосунда темир жол каттамы 6-июндан баштап ачылат.

Белгилей кетсек, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жүргүнчү ташыган поезддерге билет сатыла баштаганын маалымдады. Ага ылайык, билеттер эл аралык каттамдарга жана КМШнын поезддерине, анын ичинде Казакстан, Россия жана Беларустун ички каттамдарына (алардын ички тарифи менен) сатылууда.

Россияга каттай турчу поезддерге билет баалары:

- Бишкек — Новосибирск (11 380 сом);

- Бишкек — Самара (14 560 сом);

- Бишкек — Казань (20 000 сом).

Билет боюнча сурап билүү телефондору: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40.

Эске салсак, унаа жана темир жол каттамы коронавирус пандемиясынан улам токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн