Теке 21, 2025
Убакыт: 21:10
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Руслан Казакбаев Черногориянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

21.07.2025 10:02
29
Руслан Казакбаев Черногориянын президентине ишеним грамотасын тапшырды


Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев (Анкара шаарындагы резиденциясы менен) Черногориянын президенти Яков Милатовичке ишеним грамотасын тапшырды.


Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, салтанаттын жүрүшүндө элчи Казакбаев Яков Милатовичке президент Садыр Жапаровдун саламын айтты.


Салтанаттан кийин болгон жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын Черногория менен саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттырууга умтулуусу белгиленди.


Казакбаев Черногория лидерине Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган, анын ичинде Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана институционалдык реформалар тууралуу маалымат берди.


Элчи Казакбаев маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Черногориядан келген спортчуларды 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.


Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн парламенттер аралык кызматташтыкты түзүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн