Тогуздун айы 16, 2025
Убакыт: 02:41
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.100
1.130

Шайлоо - 2025: 106 талапкер өзүн-өзү көрсөттү

Шайлоо - 2025: 106 талапкер өзүн-өзү көрсөттү


Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга 106 талапкер өзүн-өзү көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, алардын 68и эркек, 38и аял талапкер.


Тынчтык Шайназаров белгилегендей, эгер округда шайлоого катыша турган талапкерлердин арасында бир жыныстагы гана талапкерлер болуп калса, анда мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөрүлөт.


“Эгерде бир округда талапкерлердин бардыгы эркек же аялдар катталган болсо, шайлоону кайра өткөрүү каралган. Ушул күнгө карата биз байкагандай, 30 округдун баарында аял талапкер бар”, - деди ал.


Ошондой эле БШК төрагасы кошумчалагандай, шайлоого өз талапкерлерин көрсөтүү ниетин “Кырк ууз”, “Легалайз”, “Ынтымак” партиялары билдирген.


Белгилей кетсек, өлкөдө 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округда үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн