Тогуздун айы 16, 2025
Убакыт: 02:34
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.100
1.130

Шайлоо - 2025: Үч партия парламенттик шайлоого катышарын билдирди

06.10.2025 12:45
124
Шайлоо - 2025: Үч партия парламенттик шайлоого катышарын билдирди


Үч партия мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого өз талапкерлерин көрсөттү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.


Боршайкомдун маалыматы боюнча, үч партиядан расмий билдирүү түштү:

- партия “Кырк ууз”

- партия “Легалайз”

- партия “Ынтымак”.


Мыйзамга ылайык, эми бул саясий партиялар съезд өткөрүп, ар бир округдан бирден талапкерди жашыруун добуш менен көрсөтүш керек.


Эске салсак, партия өзүнүн съездинде ар бир көп мандаттуу шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтөт. Съезддин чечими партиянын мөөрү менен бекитилип, кол коюлуп, БШКга жөнөтүлөт.


Партия өз мүчөсү болуп саналбаган Кыргызстандын жаранын талапкерликке көрсөтө алат. Бирок башка саясий партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укугу жок.


Тизмени түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш, анда бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоосу керек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн