Бугу 04, 2025
Убакыт: 03:05
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Швейцария Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө жардам көрсөттү

12.06.2020 18:29
933
Швейцария Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө жардам көрсөттү


Бүгүн, 12-июнда Швейцария каржылаган "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" долбоору Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине COVID-19 менен ооругандар үчүн кычкылтек концентраторлорун тапшырды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. 


Маалыматка караганда, долбоор 2 млн сомдон ашык суммага 32 кычкылтек концентраторун алды. Концентраторлор Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга жана Нарын облусундагы территориялык ооруканаларга тапшырылат.


Кычкылтек концентратору деген эмне?


Кычкылтек концентратору - бул дем алуу системасында жабыркоосу бар бейтаптар үчүн кычкылтек терапиясын жасалуучу аппарат. Мындай аппарат COVID-19 оорусунун өрчүгөн (өтүшүп кеткен)  бейтаптар үчүн өтө зарыл. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн