Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:39
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров Аксы окуясына байланыштуу кайрылуу жасады

17.03.2023 09:14
281
Садыр Жапаров Аксы окуясына байланыштуу кайрылуу жасады


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.


Мамлекет башчысынын кайрылуусу:


“Урматтуу мекендештер! 


         Тарых – бул өткөн доор менен болочокту байланыштырган көпүрө.


Аксы окуясы дагы Кыргызстандын соңку тарыхында мамлекеттин келечегине таасирин тийгизген алгачкы саясий окуялардан. Өлкөнү башкаруу кризиске кептелип баратканын эскерткен коңгуроо болгон. Ал Кыргызстан тарыхынын саясий өнүгүүсүндө коомдук аң-сезимди өзгөртүү менен жалпы өлкөдөгү саясий трансформациянын өзгөрүшүнө, башкача кадам таштоосуна алып келди. Аксы окуясы экономикада, саясатта, идеологияда жалпы элдин көз карашын өзгөрттү. “Элдин күчү – сел” дегени чын белем, мамлекет үчүн кайдыгер карабаган, тайманбас жүрөктөрдү ойготту. Ошентип, тарыхтын жүрүшүн өзгөртүп, өзгөчө окуя катары элдин эсинде калды. Аксы окуясы менен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы өзүнүн жаңы барагын ачты. Бул күн миң жылдап убакыт өтсө да эскерилип турат.


         Аксы окуясы ошол учурдагы эки тараптын жүзүн ачкан: бийликтегилер өлкөнү башкаруудагы манипуляциялык иш-аракеттерди жасаса, оппозиция элдин, коомчулуктун күчүн өз кызыкчылыгына колдонуу тактикасына өткөн. Ошентип Аксы окуясынан кийинки Кыргызстандын 20 жылы саясий окуяларга бай болуп, элди, саясий элитаны бышырды. Баарыбыз тарыхтан сабак алдык.


Тарыхтын эч токтобос агымында жакшысы да, жаманы да бир четтен иргелип келатат. Тарыхчылар дагы бул окуяга далай жолу ар түрдүү өңүттөн карап, өз бааларын беришет. Бир гана нерсе – Аксы окуясы мамлекеттин тарыхында, өлкөнүн өнүгүүсүндө өчпөс из калтырганы өзгөрүүсүз калат.


         Мындан ары, Кудай буюрса, Кыргызстан дүйнө жүзүнө жакшы жактары менен гана таанылат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн, кыйын күндө урагыс биримдиктин үлгүсүн көрсөткөн, өнүгүүгө ынтымактуу кадам таштаган, чыныгы демократиялуу, элдик бийликке эгедер, катылгандын катыгын бере турган мамлекет катары калыптанып барабыз.


2000-жылдары экономикадагы реформаларды ишке ашырууда кетирилген алешемдиктерди азыр болтурбоонун аракетин көрүп, глобалдуу санариптешкен экономикадан артта калбоо үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.


         Мындай жаркын келечек мамлекеттүүлүк үчүн жанын курман кылган ар бир жараныбыздын үмүтү, тилеги эле. Биз аны аткарууга милдеттүүбүз.


Элибиз – биздин эң күчтүү ресурсубуз. Биз элге гана таянабыз. Эзелтен бери эрки сынбаган эркин элибиз бар болсун!”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн