Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Беларуска иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышууда.
Иш-чаранын алдында делегация башчыларын Беларустун президенти Александр Лукашенко тосуп алды.
Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин лидерлер тар курамдагы ЖЕЭК жыйынына катышуу үчүн залга жөнөштү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн