Теке 25, 2024
Убакыт: 13:19
USD
83.80
84.70
EUR
90.90
91.90
RUB
0.950
0.990

Садыр Жапаров Metarise Japan компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

20.11.2023 14:07
226
Садыр Жапаров Metarise Japan компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту


Президент Садыр Жапаров бүгүн Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарында Metarise Japan компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кубаттуулугу саатына 3-5 киловатт болгон электр энергиясын иштеп чыгаруучу гравитациялык генераторду көрсөтүлүп, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилегендей, Metarise Japan Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландаштырып жатат. Компания Японияда көрсөтүлгөн жабдууларды чыгарууга эксклюзивдүү патент алган жана Кыргыз Республикасындагы электр энергиясынын альтернативдүү булактары боюнча маселелерди чечүүгө салым кошууга ниеттенүүдө.

Мамлекет башчысы берилген маалыматтар менен таанышып чыгып, Кыргызстан жапон инвесторлору жана жаңы технологиялар үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.

Президент мамлекет энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи, анткени ал экономиканын өзөгү жана негизги тармактардын бири. Өлкөдө жагымдуу абал түзүү жана инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн