Жетинин айы 13, 2025
Убакыт: 16:51
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.080
1.105

Садыр Жапаров Таластагы “Баластан” балдар оюн-зоок борборунун курулушуна старт берди

13.11.2025 15:07
13
Садыр Жапаров Таластагы “Баластан” балдар оюн-зоок борборунун курулушуна старт берди


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.


Иш-чаранын башында конокторго балдарга арналган борбордун эскиздик долбоору көрсөтүлгөн видеоролик тартууланды. Ал 6,5 га аянтка жайгашат. Объектти 2026-жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда.


Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттин башкы максаты – ар бир балага татыктуу балалык тартуулоо экенин өзгөчө белгиледи. Балдар бейкапар ойноп, ээн-эркин өскөн чөйрөдө гана өз алдынча ой жүгүртүүсү калыптанып, акыл-эси, руханий дүйнөсү, чыгармачылыгы жакшы өнүгөт.


“Ошондуктан бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат”, - деди президент.


“Баластан” борборунда аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулмакчы. Объекттин курулушу 200дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзөт.


Президент адатта өлкө борборуна же чоң-чоң шаарлардын инфратүзүмүнө басым жасаларын белгиледи. Бирок учурда мамлекет ар бир аймакта өнүгүүнү камсыз кылууга далалат кылып келет.


“Бардык облустарыбыздын, шаарларыбыздын дагы инфратүзүмү тегиз, ийгиликтүү өнүксө дейбиз”, - деди Садыр Жапаров жана азыркы тапта Таласта ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлорду белгиледи.


Анын ичинде “Манас-Ордо” тарыхый-маданий комплексин реконструкциялоо, шаардын борбордук паркын, аллеяларды жаңылоо, 5500 орундуу борбордук стадион куруу жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салына турган көп кабаттуу үйлөр бар.


“Мына ошолордун ичинде, тагыраак айтканда, Талас шаарындагы өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун башаты катары “Баластан” оюн-зоок борборун куруу турат. Муну аймактарды өнүктүрүү саясатынын айкын далили десем да болот”, - деп баса белгиледи президент.


Бул контекстте ал тиешелүү мамлекеттик органдардын жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сапатка, коопсуздукка жана балдардын кызыгуусуна жооп берген жогорку деңгээлде курулуш жүргүзүүгө чакырды.


Андан соң мамлекет башчысы заманбап "Баластан" балдар борборунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.


Президент Садыр Жапаров ошондой эле жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алар социалдык маанилүү темаларды, анын ичинде жолдорду куруу жана айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Алар аймакка көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүп жана маанилүү демилгелер ишке ашырылып жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн