Кулжа 17, 2025
Убакыт: 17:48
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

17.06.2025 12:38
19
Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда “Борбор Азия - Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди.


Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.


Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.


Эске сала кетсек, саммиттин ишине Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасынын катышуусу пландалууда.


Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн