Бирдин айы 07, 2025
Убакыт: 11:26
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.890
0.920

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат

17.07.2024 14:49
303
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат


Президент Садыр Жапаров 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


Өлкө башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.


"Анда кызматташуу жана алаканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы эки өлкөнүн маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышат. Ошондой эле президенттер ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизишет", — деп айтылат маалыматта.


Мындан тышкары, кыргыз-өзбек бизнес-форуму жана ректорлордун жыйыны болору кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн