Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров машыктыруучу Штефан Тарковичке атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

18.03.2024 09:32
342
Садыр Жапаров машыктыруучу Штефан Тарковичке атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты


Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичке атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Сизге жана үй-бүлөңүзгө терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготууңузду тең бөлүшөм.

Бала кезиңизде спортко болгон шык-жөндөмүңүздү байкап, келечекте белгилүү футболчу болуп чыгышыңызга атаңыздын салымы чоң экенин жакшы билебиз. Жогорку деңгээлдеги футболчу, машыктыруучуну тарбиялаган атаңызга терең таазим этип, ушундай азалуу күндө дагы кыргыз элинин үмүтү болгон Улуттук курама команда менен чогуу болгонуңузга ыраазычылык билдирем.

Футболчуларыбыз алдыдагы оюнга даярданып жаткан учурда тагдырдын оор сыноосуна карабай, Улуттук команда менен бирге болуу чечимиңизди футболчуларыбыз да, спорт күйөрмандары да – жалпы эле кыргыз эли жогору баалайт деп бекем ишенем.

Башкы машыктыруучунун мындай мамилесин түшүнгөн футболчуларыбыз, алдыдагы мелдеште татыктуу оюн көрсөтөрүнө үмүт артам”, - деди Өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футболчулары Кытайдын Тайбэй курама командасы менен беттешүүсү күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн