Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 17:08
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары аяктады

06.02.2022 23:21
989
Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары аяктады


 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, бүгүн, 6-февралда Бишкекке кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн