Баш оона 22, 2025
Убакыт: 14:30
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Саида Мирзиёева Бишкектеги аялдар форумун жогору баалады

22.08.2025 10:50
19
Саида Мирзиёева Бишкектеги аялдар форумун жогору баалады


Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева Бишкекте өткөн "Аял — дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер" аттуу эл аралык форумга өзгөчө баа берип, социалдык тармактагы баракчасына ой-пикирин жазды.


Анын белгилешинче, форум жашоосун өзгөртүп, үй-бүлөдө, жумушта жана коомдо өз ордун тапкан максаттуу, күчтүү жана ишенимдүү айымдарды бириктирди. 


"Бизге керек болгон нерсе — тең мүмкүнчүлүктөр, мамлекет менен коомдун колдоосу жана өзүнө болгон ишеним", — деп жазды Мирзиёева.


Форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандан келген спикерлер аялдардын өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүндөгү салымын, кайратын жана укуктар үчүн күрөшүн чагылдырды. 

Алардын баары ийгиликке жетүүнүн жолдорун жана кыйынчылыктан коркпой алдыга жылууну көрсөтүштү.


Сөзүнүн соңунда Саида Мирзиёева "Бизге сөзсүз биригүү керек!" деген ураанды көтөрүп чыгып, иш-чаранын башкы маңызын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн